Дональд Трамп Украина боюнча тынчтык план 22 пункт болуп кыскарганын билдирди
- 2 недели мурун
АКШнын президенти Дональд Трамп Украина боюнча тынчтык планы 28 пункттан 22 пунктка чейин кыскарганын билдирди.
Бул тууралуу президент Трамп Air Force One учагынын бортунда журналисттердин суроосуна жооп берүү учурунда айтты.
Баштапкы 28 пункттан турган план Россия үчүн жагымдуу план болгонун айткан республикачылар тууралуу суроого Трамп мындайча жооп берди:
“Ал план эмес, концепция болчу. Анын 28 пункту 22 пункт болуп кыскарды. Ал пункттардын көпчүлүгү боюнча бир чечим болду, чынында эле жагымдуу. Эми андан эмне чыгат, көрө жатарбыз” деди Дональд Трамп.
Ошондой эле Украина тарап аймактык жактан келишимге барышы керек экенин белгиледи
“Карагыла, кандай жүрүүдө, баары бир тарапка карай (фронтто) барууда. Жыйынтыгында жакынкы айларда Россия аларды баары бир басып алат. Согушуп, 50-60 миң кишиден айрылыш керекпи? Же азыр бир нерсе кылып жиберишеби” деди АКШнын президенти.
Анын айтуусу боюнча, эмки жумада атайын чабарман Стивен Уиткофф Россиянын президенти Владимир Путин менен тынчтык планын талкууламакчы. Ошондой эле Москвага президенттин күйөө баласы Жаред Кушнер да барышы мүмкүн экенин белгиледи, ал дагы тынчтык сүйлөшүүлөргө катышып жүрөт.
Дональд Трамптын администрациясынын Украинадагы согушту токтотуу боюнча планын Axios басылмасы жарыялады. Басылма бул документ азыр иштелип жатат деп белгиледи. Ал 28 пункттан турат.
Крым, Луганск жана Донецк облустары россиялык деп эсептелет, Херсон жана Запорожец облустары фронттун азыркы линиясы боюнча бөлүштүрүлөт. Россия басып алган башка аймактардан баш тартат, төрт регион жана Крымдан башкасынан. Украина Донецк облусунун аймагынан аскерлерин алып чыгып кетет, бул аймак буфердик болот жана россиялык аймак болуп саналат.
Абадан коргонуу күчтөрүнүн саны 600 миңге чейин чектелет (учурда 800-855). Украина НАТОго кирбейт. Европа Биримдигине кирүү укугун сактап калат. НАТО Украинанын аймагына аскерлерин жайгаштырбайт, альянс учактары Польшада жайгашат. Россия Европага жана Украинага кол салбоо милдетин алат. НАТО мындан ары кеңейтилбейт.




