Дональд Трамптын Украинадагы согушту токтотуу планы жарыяланды
- 3 недели мурун
- Баяндар
Дональд Трамптын администрациясынын Украинадагы согушту токтотуу боюнча планын Axios басылмасы жарыялады. Басылма бул документ азыр иштелип жатат деп белгиледи. Ал 28 пункттан турат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтонго америкалык аскер башчылары менен жолугушканда, ага бул план тууралуу айтылганын бир катар ЖМК белгилөөдө.
Крым, Луганск жана Донецк облустары россиялык деп эсептелет, Херсон жана Запорожец облустары фронттун азыркы линиясы боюнча бөлүштүрүлөт. Россия басып алган башка аймактардан баш тартат, төрт регион жана Крымдан башкасынан. Украина Донецк облусунун аймагынан аскерлерин алып чыгып кетет, бул аймак буфердик болот жана россиялык аймак болуп саналат.
Абадан коргонуу күчтөрүнүн саны 600 миңге чейин чектелет (учурда 800-855). Украина НАТОго кирбейт. Европа Биримдигине кирүү укугун сактап калат. НАТО Украинанын аймагына аскерлерин жайгаштырбайт, альянс учактары Польшада жайгашат. Россия Европага жана Украинага кол салбоо милдетин алат. НАТО мындан ары кеңейтилбейт.
Трамптын администрациясынын Украинадагы согушту токтотуу планы
1.Украинанын эгемендүүлүгү тастыкталат.
2. Россия менен Украинанын ортосунда кол салбоо тууралуу келишим түзүлөт. Акыркы 30 жылдагы бардык карама-каршылыктар чечилди деп эсептелет
3. Россия коңшулаш өлкөлөргө кол салбайт, НАТО андан ары кеңейтилбейт.
4. АКШнын ортомчулугу алдында Россия менен НАТОнун ортосунда сүйлөшүүлөр жүрөт. Анда глобалдык коопсуздукту сактоо, келечекте кызматташуу жана экономикалык жактан өсүү маселелери каралат.
5. Украина коопсуздук кепилдигин алат.
6. Абадан коргонуу күчтөрүнүн саны 600 000 чейин чектелет.
7. Украина Конституциясында НАТОго кирбей турганын бекемдейт, НАТО уставына бул альянска Украинаны кабыл албоо пунктун киргизет.
8. НАТО Украинанын аймагына өз аскерлерин киргизбөөгө макулдук берет.
9. Европа истребителдери Польшада жайгаштырылат.
10. АКШ кепилдик берүүдөгү өз үлүшүн алат;
-Эгер Украина Россияга кол салса, ал кепилдиктерин жоготот;
-Эгер Россия Украинага кол салса, координацияланган аскердик жооптон сырткары, бардык алынган санкциялары калыбына келтирилет, жаңы аймактарга ээ болуу жана бул келишимдеги бардык чечимдер жокко чыгарылат;
-Эгер Украина Москвага же Санкт-Петербургга ракета учурса, анда коопсуздук кепилдиктери жокко чыгарылат;
11. Украина Европа Биримдигине кирүү укугун сактап калат жана бул маселе чечилгиче европалык рынокко кыска мөөнөттүү преференция алат;
12. Украинаны калыбына келтирүү боюнча ири чаралар иштелип чыгат;
-Украинанын өнүктүрүү фондун түзүү, тез өсүп жаткан тармактарга, анын ичинде, технология, маалыматтарды топтоо борборлору жана жасалма интеллект боюнча инвестиция салуу;
-АКШ менен Украинанын кызматташтыгы Украинаны калыбына келтирүүгө, газ инфраструктураларын модернизациялоо жана эксплуатациялоо, анын ичинде газ түтүктөрүн жана сактоочу жайларын кошуп алганда;
-согуштан жабыркаган райондорду биргелешип калыбына келтирүү;
-инфраструктураны өнүктүрүү;
-кен байлыктарын казып алууда кызматташуу;
-бул иштерди тездетүү үчүн Дүйнөлүк банктан атайын каржы алуу пакеттерин түзүү;
13. Россия дүйнөлүк экономикага реинтеграцияланат;
-салынган санкцияларды этап менен алып салуу жана ар бирин өзүнчө макулдашуу;
-АКШ экономикалык, энергетика, кен байлыктар, инфраструктура, жасалма интеллект, маалыматтарды топтоо, Арктикада сейрек металлдарды алуу боюнча жана башка өз ара пайдалуу долбоорлорду кароо мүмүкүнчүлүгү;
-Россияны кайрадан чоң сегиздикке (G8) чакыруу; .
14. Тоңдурулган активдер төмөнкүдөй пайдаланылат:
-100 миллиард доллары АКШ жетектеген Украинанын калыбына келтирүү жана инвестиция салууга жумшалат;
-АКШ бул операциядан 50% киреше табат;
-Европа инвестициянын көлөмүн көбөйтүү жана Украинаны кабылына келтирүү үчүн 100 миллиард доллар салат, Европадагы тоңдурулган активдер ачылат;
-Россиянын тоңдурулган активдеринин калганы америкалык-россиялык инвестицияга жумшалат;
-бул фонд жалпы мамилени чыңдоого жана жаңжалга кайтып келбөөгө стимул берет;
15. Коопсуздук жана ушул келишимди сактоо боюнча америкалык-россиялык жумушчу топ түзүлөт;
16. Россия мыйзамдар менен Европага жана Украинага кол салбоо саясатын бекемдейт;
17. АКШ менен Россия ядролук куралды жайылтпоо боюнча келишимге келет, анын ичинде СНВ-1 келишими;
18. Украина ядролук куралды жайылтпоо боюнча келишимге ылайык, ядролук куралы жок өлкө боюнча калат;
19. Запорожец АЭСи МАГАТЭнин көзөмөлүндө ишке киргизилет , ал эми анын электр энергиясы Россия менен Украинага теңме-тең бөлүштүрүлөт;
20. Эки өлкө тең мектептерде жана коомдо өз ара түшүнүшүү, ар кыл маданиятка толеренттуулук, расизмге каршы, билим берүү программаларын ишке ашырат;
-Украина диний толеранттуулук, азчылык элдердин тили боюнча Европа Биримдигинин эрежелерин киргизет;
-эки өлкө тең украиналык жана россиялык ЖМК, билим берүү тармактарында укуктарын сактоо, дискриминация көрүнүштөрүн болтурбоо милдеттерин алат;
-улутчулдук идеологияга тыюу салынат;
21. Крым, Луганск жана Донецк де-факто россиялык болуп эсептелет.
-Херсон жана Запорожье чектешкен жерден бөлүнөт;
-Россия өзү көзөмөлдөгөн беш аймактан башка жерден баш тартат;
-Украинанын аскерлери Донецк облусунан чыгарылат, ал жер буфердик болуп эсептелет жана Россияга караштуу болот.
22. Аймактар боюнча макулдашуу кабыл алынгандан кийин Россия дагы, Украина дагы бул келишимди күч менен өзгөртүүгө барбайт. Эгер ушул милдеттенмелер бузулса, анда коопсуздук кепилдиктери берилбейт;
23. Россия Украина коммерциялык максатта Днепрди пайдаланышына тоскоолдук кылбайт, Кара-Деңиз аркылуу буудай алып өтүү келишимдери түзүлөт.
24. Чечилбеген маселелер үчүн гуманитардык комитет түзүлөт;
-туткундар жана каза болгондордун сөөгү “баарына баары” принцибинде алмашылат;
-туткундар жана барымтадагылардын баары бошотулат, анын ичинде балдар дагы;
-бөлүнүүгө мажбур болгон үй-бүлөлөр биригет;
-жапа чеккендердин азабын жеңилдетүү чаралары каралат;
25. Ушул макулдашуу кабыл алынгандан 100 күндөн кийин Украинада шайлоо болот.
26. Бул жаңжалга аралашкан тараптардын баары толук мунапыс алат жана согуш учурундагы бардык аракеттерге эч кандай доомат айтылбайт, арыз-муң келечекте каралбайт;
27. Бул макулдашуу юридикалык күчкө ээ. Ал Дональд Трамп жетектей турган Тынчтык кеңеши тарабынан көзөмөлгө алынат. Аны бузгандарга санкция салынат.
28. Тараптар бул документке макул болгондон кийин, ок атышуу токтойт жана ушул макулдашуу ишке ашырыла баштайт.
Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан




