Доктор Эрнст Акрамовдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди

Бүгүн, 27-ноябрда, Кыргыз эл Баатыры, медицина илимдеринин доктору, профессор Эрнст Акрамов менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү.

Коштошуу зыйнатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев, депутаттар жана дарыгерлер, маркумдун жакындары жана шаардыктар катышты.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү окумуштуу-хирург, мамлекеттик жана коомдук ишмер Эрнст Акрамов 89 жашында дүйнөдөн кайтты. 

Эрнст Хашимович 1936-жылы 24-июнда Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык диплому менен аяктап, хирург дарыгер катары өзүнүн карьерасына баштап, республикадагы кадыр-барктуу адистердин бири болду. 1992-жылы Чүй облустук ооруканасынын жалпы хирургия бөлүмүн жетектеп, аны алдыңкы медициналык мекемеге айландырды. 2023-жылы ооруканага анын урматына ысмы ыйгарылды. 

Доктор Эрнст Акрамовдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди
Доктор Эрнст Акрамовдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди
Доктор Эрнст Акрамовдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди
Доктор Эрнст Акрамовдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди

Сүрөттөр: med.kg

Башкы сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты