Доктор Эрнст Акрамов дүйнөдөн өттү

  • 2 недели мурун

Кыргыз Республикасынын Баатыры, медицина илимдеринин доктору, профессор Эрнст Акрамов дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу анын кесиптештери социалдык тармактарга кабарлап, элдик доктордун таржымалын жазышууда. Оорукана Эрнст Акрамовдун «экинчи үйү» болуп, бейтаптарга карата анын жылуу мамилеси, кесипкөй хирург катары эл арасына кеңири таанымал экендиги белгиленүүдө.

Эрнст Акрамов 1936-жылы 24-июнда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. Борбор шаардагы №10 орто мектепти аяктаган. 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүтүрүп, врач-хирург адистигине ээ болгон. 1964-1967-жылдары Кыргыз медицина институтунун кафедрасынын аспиранты, 1967-1971-жылдары республикалык оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы, 1975-1980-жылдары Кыргыз медицина институтунун ассистенти, доценти, 1981-1992-жылдары республикалык оорукананын жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1992-жылдан баштап Чүй облустук ооруканасынын бөлүм башчысы, жетекчиси болуп иштеген. 2003-жылдан баштап Кыргыз-славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору болгон.   

1967-жылы кандидаттык диссертациясын, 1992-жылы докторлук диссертациясын жактаган.

СССРдин эл депутаты, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Коомдук ишмер, меценат катары да таанымал эле.  

Акрамов өмүрүнүн акырына чейин медицина тармагына ак кызмат кылып, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, дасыккан хирургдардын катарында болуп келди.

Эрнст Акрамовдун жаркын элеси медицина тармагынын чыгаандарынын катарында, эл арасында жашай берээри шексиз. Чүй облустук ооруканасына Акрамовдун ысмы ыйгарылган.

Сүрөттө: Эрнст Акрамов. Интернет булактарынан   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты