Дмитриевкадагы атышууда укук коргоо кызматкеринин экөө жаракат алды

  • 12 месяцев мурун

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында атышууда эки укук коргоо кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта бирөөнүн жаракаты жеңил болуп, үйүндө дарыланары айтылды, экинчи кызматкерге ок тийип, улуттук госпиталга жаткырылды.

Бүгүн, 17-майда, Чүй облусунун Дмитриевка айылындагы үйлөрдүн биринде ок атылганы кабарланды.

ИИМ Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралдуу террористти кармоо операциясын өткөргөнүн билдирди.

“Кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөттү. ИИМдин жана УКМКнын атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан куралдуу террорист жок кылынды. Окуя болгон жерде ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери барышты. Учурда тергөө ыкчам тобу иштеп жатат” деп айтылат маалыматта.  

Сүрөт: Видеотасмадан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты