ИИМ: Чүй облусунун Дмитриевка айылында куралдуу террорист жок кылынды

  • 11 месяцев мурун

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралдуу террористти кармоо операциясын өткөрүштү.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.  

“Кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөттү. ИИМдин жана УКМКнын атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан куралдуу террорист жок кылынды. Окуя болгон жерде ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери барышты. Учурда тергөө ыкчам тобу иштеп жатат” деп айтылат маалыматта.  

Бүгүн, 17-майда, Чүй облусунун Дмитриевка айылында ок атышуу болгондугу тууралуу маалымат тараган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты