Директор тандоо:  Баткен облусунда 98 ваканттык орун бар

  • 2 года мурун

11-августтан баштап Баткен облусунда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүү башталат.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Учурда Баткен мамлекеттик университетинде техникалык даярдык иштери аткарылып, ноутбуктар коюлду.

Процесстин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу үчүн көз карандысыз коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө байкоо жүргүзүү жана телеканалдардын катышуусу менен социалдык тармактарда компьютердик тестирлөөнү түз алып көрсөтүү пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда мектеп директорллорунун 98 ваканттык оруну бар.

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров 12-июлда кол койду.

Жарлыкта айтылгандай, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору» мекемеси тарабынан борборлоштурулган негизде жүргүзүлөт.

Билим берүү уюмдарынын жетекчилери  иш берүүчүлөр тарабынан 5 жылдык мөөнөткө тандалат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты