Динара Кутманова жана анын уулу соттолду
- 2 месяца мурун
Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси – “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн мамлекетке конфискация кылуу менен сегиз жылга абакка кесилди. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын уулу Кемелбек Кутманов болсо Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси – “Алдамчылык” беренеси менен айыптуу деп табылып, ал да сегиз жылга соттолуп, мүлкү мамлекетке алынды.
Мындай чечим Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынды.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 25-июлунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин экс-министри Динара Кутманова кармалганын билдирген.
Анда Кутманова Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматында ага берилген бардык ыйгарым укуктарга ээ болуу менен өзүнүн жеке амбициясы үчүн жана жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык тармакты уюштурганы айтылган.
Экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын (уулу жана карындашы), жакын чөйрөсүн (үй кызматкери, уулунун досу ж.б.) тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурганы белгилүү болгон.
УКМК кийин Кутманованын уулу да кармалганын билдирген эле.