Экс-министр Динара Кутманова кармалды

  • 1 год мурун

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигиндеги бир катар
коррупциялык фактылардын негизги буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында шыктандыруучусу жана башкы уюштуруучусу болгон экс-министр Динара Кутманова кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тергөөнүн жүрүшүндө, чогултулган далилдердин, анын ичинде коррупциялык схемалардын башка катышуучуларынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде, ошондой эле экс-министрдин жана башка айыпталуучулардын катышуусунда беттештирүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды.

«Кутманова Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматында ага берилген бардык ыйгарым укуктарга ээ болуу менен, ага жогорку бийлик өкүлдөрү тарабынан берилген ишенимге карабастан, өзүнүн жеке амбициясы үчүн жана жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык тармакты уюштурган. Экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын (уулу жана карындашы), жакын чөйрөсүн (үй кызматкери, уулунун досу ж.б.) тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду
каржылоого арыз берүүнү уюштурган», — деп жазылат маалыматта.

Жалпысынан бул кылмыш ишинин алкагында 9 адам айыпталуучу катары тартылып, Динара Кутманованын уулу учурда эл аралык издөөдө жана аны Түркиядан депортациялоо чаралары көрүлүүдө. Кутманова кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты