Депутаттыкка талапкер болууга арыз бергендердин саны 22ге жетти

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК)  № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө арыз берген талапкерлердин саны 22ге жетти. Алар өзүн-өзү көрсөтүшкөн.

Бул тууралуу БШК маалымат кызматы билдирди.

Кийинкилерлен болуп Биринчи май шайлоо округунан Таалайбек Керималиев парламент депутаттыгына талапкерликке арыз берди.

Буга чейин Биринчи май шайлоо округунан: Рыскелди Момбеков, Адылбек Гапаров, Русланбек Акылбеков, Рысбай Аматов, Анвар Сартаев, Нурбек Токтакунов, Шадыкан Жакыпбеков, Элвира Сурабалдиева арыз берген.

Бишкек шаарынын Свердлов шайлоо округу боюнча:: Эльнура Алканова, Бакыт Бакиров, Бакыт Садабаев, Бакытбек Болотбеков, Улукбек Тургунбаев, экс-депутаттар Ирина Карамушкина жана Шайлообек Атазов, Муратбек Султанбеков, Эдил Бейшенбаев, Жусубалы Керимбаев, Назгүл Жолдошева, Жаныбек Асанбеков, Гуля Алмамбетова арыз берген.  

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Баарына каршы добуш бергендер көп болгондугуна байланыштуу Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты