Депутаттар прокуратурага барган окуяны президент түзгөн жумушчу топ териштирет

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин 8-декабрдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутаттар Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазовдун Башкы прокуратурага суракка барганын иликтөө үчүн президент Садыр Жапаров жумушчу топ түзгөнүн билдирди.

Териштирүүнүн корутундусу бир аптада чыгарыларын айтты.

«Токторбаев менен Атазовдун Башкы прокуратуранын кысымы тууралуу кайрылууларынан кийин президент Садыр Жапаров жумушчу топ түздү жана ага бир жумалык мөөнөт берилди. Ошол жумушчу топ Башкы прокуратуранын аракеттери боюнча талдап, корутундусун берет» деди Шакиев.

Мындан бир күн мурда парламенттин жыйынында Токторбаев прокуратуранын депутаттарга мамилесин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган. Ал Атазов экөөнү тергөөчүлөр суракка алганын Баш мыйзамды, Жогорку Кенеш тууралуу мыйзамды бузуу катары баалаган.

30-ноябрда Атазов менен Токторбаев Башкы прокуратурада суракта болушканы тууралуу маалыматты аталган мекеме тастыктап, алар парламенттин жыйынында айткандарын текшерүү үчүн суракка чакырылышканын билдирген.

Ошол күнү парламенттин жалпы жыйынында депутат Атазов «каржы пирамидаларынын” көз боёмочулугу тууралуу маселе көтөрүп, алдамчы топторду «прокуратура жана милиция органдары калкалап» жатышканын, акчасын, жерин алдамчыларга алдырып койгондор арызданса, “прокуратура токтотуп коюп жатканын” айткан.

Депутат Токторбаев прокуратурада коррупция «абдан күчөгөнүн», «элдин арасында жакшы сөз жок» экенин билдирген. Кийин ал милицияга да суракка чакырылып жатканын билдирген.

Экөө тең Фейсбукка прокуратураны сындаган пост жазып, кийин кайра өчүрүп коюшкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты