Депутат Шайлообек Атазов “парламентте сүйлөбөй отурсун” деп аны коркутуп жатышканын айтты

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Башкы прокуратура аны 3 саат кармаганын жана агаларынан “парламентте сүйлөбөй отурсун” деп коркутуп жатышканын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.   

«Азыр чыктым. Башкы прокуратура туура 3 саат кармады. Биз Жогорку Кенеште айткандан кийин, териштирбей мыйзам чегинде эле өз убагында карай берсе болбойбу? Анда эмне, Жогорку Кенеште айтылбаган иштер жабылып кетип жатабы?» деди Атазов.

Ошондой эле депутат Башкы прокуратура андан алдамчылык боюнча маалыматтарды алганын билдирди.

«Бул иштер боюнча маалыматтарды алышты. Убада беришти бүгүн түндөн калбай кармап келебиз деп».

Ошондой эле депутат Башкы прокуратурага мындай деп кайрылды:

«Бир эскертүү бар, биздин агаларыбызга чыгып, Атазов сүйлөбөй олтурсун деп коркутпай эле койгулачы» деди.  

Бүгүн, 29-ноябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Шайлообек Атазов элди алдап кетип жаткан фирмалар тууралуу маселе көтөргөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты