Депутат Токторбаев: Башкы прокуратурада 3,5 саат сурак бердим. Мени мындай жолдор менен коркута албайсыңар

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурада 3,5 саат сурак бергенин жана башкы прокурор мындай жолдор менен аны коркута албасын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.     

-Мен бүгүн Жогорку Кеңештин трибунасынан жарандардын кайрылуусу боюнча прокуратура тармагында коррупция күч алып, «монстрга» айланганын айткам. Бул — чындык! Түштөн кийин эки кызматкери чакыруу кагазы менен келип, Башкы прокуратурадан 3,5 саат сурак бердим.

Урматтуу башкы прокурор! Мени мындай жолдор менен коркутуп токтото албайсыңар, -деди депутат Токторбаев.  

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Башкы прокуратура аны 3 саат кармаганын жана агаларынан “парламентте сүйлөбөй отурсун” деп коркутуп жатышканын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты