Депутат Токтошев: “Аскерлерди мазактоо, кыйноо фактысы боюнча комиссия түзүлсүн”

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 14-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эмил Токтошев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө аскерлерди офицерлер тарабынан мазактоо, кордоо фактысын айтып, бул боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, жетекчилер жазага тартылышы керектигин билдирди.    

“Баарыңыздарга эле маалым болду, 2-3 күн мурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүнүн биринде , Садовое айылында, жоокерлерге болгон мазактоо, кыйноо, сабоо фактысын көрдүк, социалдык тармактардан. Бул мартта болгон экен, кокустан чыгып кетип, элге жайылып кетти. Менин оюмча, бардык эле аскер бөлүктөрүн, Ички иштер министрлигин, Коргоо министрлигин, бардыгын текшерип чыгыш керек, комиссия түзүңүздөр. Бул системалашып калган, демек, дагы эле орун алат. Жетекчилер керт башы менен жооп бериш керек. Муну көргөн ата-энелер  кантип балдарын аскерге жиберет? Элин коргоо, патриотизмге тарбиялоо деген балдарга ушундай мамиле такыр туура келбейт. Өкмөт комиссия түзүп, укуктук баа берсин” деди депутат Токтошев.  

Буга чейин социалдык тармактарда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123 -аскер бөлүгүндө офицерлер тарабынан аскерлерге зомбулук көрсөтүү боюнча видео тараган. Андан көп өтпөй Аскер прокуратурасы бул иш боюнча кылмыш ишин козгогон.

Аталган факты боюнча, жүктөлгөн милдеттерин тиешелүү түрдө аткарбагандыгы үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берилген.

Сүрөттө: Эмил Токтошев. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты