Депутат Токторбаев “Кумтөр Голд Компани» ири  суммага ижарага алынган кеңсеге көчкөнүн сындады

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев 15-июнда парламент жыйынында Кумтөр кенин башкарган «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинги кымбат баадагы кеңсени ижарага алганын айтып чыкты.

«Тилекке каршы коомчулукта Тенгиз Бөлтүрүк жөнүндө абдан сөз көп. Тендерлер, кеңселер боюнча. Бөлтүрүккө чейин булар «Учкун» мамлекеттик ишканасында отурушкан. Азыр шаардын чок ортосундагы Киев-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги чоң кеңсени ижарага алышты. Абдан кымбат экен, айына 50 миң доллардын тегерегинде ижара акы төлөйт экен. Бул абдан туура эмес деп эсептейм. Анткени мамлекетте бош ишканалар көп. Кеңсеге кеткен акчаны башка жактарга жумшасак болмок» деди депутат.

«Улуу көчмөндүр мурасы» улуттук холдингинин басма сөз катчысы Назира Ахмедова холдинг Бишкек шаарынын Панфилов 178 дарегинде жайгашкан жаңы кеңсеге көчүп жатканын, компания жалпы аянты 5000 чарчы метр «А» классындагы кеңсени ижарага алуу боюнча 2021-жылы декабрда келишим түзгөнүн билдирди.

«Учкун» ишканасында “Кумтөр Голд Компани» отурчу. Азыр холдинг түзүлдү. Биз ал жакка баткан жокпуз. Бир кичинекей кабинетте 7-8 киши тыгылып отурду. Ал жерде эки лифт иштейт, жакшы жүрбөйт. Кеңсе эскирген, ремонтко көп каражат кетмек. Мамлекеттик ишканаларда биз издеген кеңсе жок экен. Биз орточо баадагы кеңсе алдык. “Кумтөр Голд Компани» ишканасында 345 киши иштейт. Андан тышкары холдингдин кызматкерлери бар. Жалпы 500гө жакын. Андан тышкары эл аралык инвесторлор келип жатат. Аларды кабыл алганга дагы «Учкундагы» кеңседе мүмкүнчүлүк болбоду».

Жер казынасын пайдаланууга жана экономика тармагында долбоорлорду ишке ашырууга багытталган «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коому түзүлгөн.

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКынын түзүүчүсү — Кыргызстандын Финансы министрлиги жана компания толугу менен мамлекетке карайт.

Учурда компаниянын уставдык капиталы 100 млн сом өлчөмүндө белгиленген. Маалыматта 2022-жылы аталган сумманы 1 млрд сомго жеткирүү пландалып жатканы айтылат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты