“Бөрк ал десе, баш алып…”. Президент Бишкек жана Ош мэрлеринен аша чабууну токтотууну талап кылды 

  • 4 недели мурун

Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасында электр энергиясын үнөмдөө жана тынчтык мыйзамын камсыздоо боюнча Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери “бөрк ал десе, баш алып” тапшырманы ашыра аткарып жибергенин токтотууну талып кылды.  

-Урматтуу жетекчилер, айрыкча Бишкек жана Ош шаарынын мэрлери! Электр энергиясын үнөмдөө жана тынчтык мыйзамын камсыздоо максатында тапшырма берсек, силер аны «бөрк ал десе — баш алгандай» ашкере аткарып жиберипсиңер.

Биз элдин тынчтыгын бузуп, спирт ичимдиктерин ичип алып ызы-чуу салгандар чогулган түнкү клубдарды, ошондой эле түн бир оокумга чейин созулуп, 200дөн 800гө чейин киши чогулган тойканаларды иреттеп, мыйзамдын чегинде көзөмөлдөөнү тапшырганбыз.

Ал эми силер болсо тамактануучу кафелерди, KFC сыяктуу тез татым жайларын да жаап, тынч отурган элди кубалап чыгарууга чейин барыпсыңар. Рейд маалында бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын өчүрүп, суусун токтотууга тапшырма берипсиңер! Мындай кылбагыла,  токтоткула андай аша чапканды! Электр энергиясын үнөмдөөнү — биринчи кезекте “эмне, мамлекет төлөйт да” деген кайдыгер жеткечилерди, түнү бою жарыгын күйгүзүп таштап кеткен мамлекеттик ишканалардын имараттарын катуу көзөмөлдөгүлө.

Ал эми тынч иштеп жаткан кичи жайларга барып, алардын тынчын алчу болбогула!-деди Садыр Жапаров.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев электр энергиясын үнөмдөө жана «Тынчтык жөнүндө» мыйзамын сактоо боюнча төнкө рейддерди уюштурушкан.

Бишкек шаарынын мэриясы 13-ноябрдагы тескемесине ылайык, Бишкек шаарында саат 22:00дөн кечикпей коомдук тамактануу, маданий-оюн-зоок жайларынын иши токтотулушу керек. Ошондой эле аталган убакыттан кийин электр энергиясын көп короткон шаймандар өчүрүлүшү керек.

Сүрөттө: Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев түнкү рейд учурунда. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты