Ысык-Көл райондук мамлекеттик нотариалдык кеңсе нотариусу кармалды

  • 1 неделя мурун

Кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде, Ысык-Көл районунун мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин нотариусу К.К.К. кармалды.

Нотариалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн К.К.К. тарабынан накталай акча каражаттарын системалуу түрдө жеке өзү алып турган фактылар катталып, алынган суммалар мамлекеттик алымдардын белгиленген тарифтик өлчөмүнөн жогору экени аныкталды.

Аталган аракеттер «Нотариат жөнүндө» мыйзамын жана Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы №121 токтомун бузуу менен жүргүзүлгөнү айтылды. Ага ылайык, мамлекеттик алым нотариалдык иш-аракет жасалганга чейин гана жана накталай эмес түрдө (банктык төлөмдөр аркылуу) төлөнөт.

Мыйзамсыз алынган каражаттардын суммасы 1000 сомдон 20 000 сомго чейин өзгөрүп тургандыгы аныкталган.

Тергөө иш-чаралары уланууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты