Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан бошотулду

  • 4 месяца мурун

Акыркы күндөрү «кетет-кетпейт» деп сөз болуп жаткан Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматынан бошотулду.

Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетүү арызын өзү жазгандыгы маалым болду..

Жеңишбек Токторбаев Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты кезинде, 2025-жылы январь айынын аягында Ош шаарына мэр болуп дайындалган.

Жакында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарынын 2025-жылды жыйынтыктаган жыйынга катышып, Кыргызстан боюнча эң көп каражат 2025-жылы Ош шаарына 6,6 млрд сом берилгенин белгилеген.  МинКаб башчысынын айтымында, 2025-жылы Ош шаарында 9 мектеп, 9 бала бакча жаңырды, 7 спорт, 2 маданий объект жана башка обьектилер салынды. Президенттин түз буйругу менен 2 млрд 200 млн сом Турукташтыруу фондунан бөлүп берилип, анын  2 млрд сомуна 8 негизги көчө жасалды. 200 млн сомго  тротуар жасалып, жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн. 

Аны менен катар МинКаб башчысы Чет элдик түз инвестицияларды тартууда Ош шаарынын көрсөткүчү 2025-жылы эң төмөн болгонун белгилеп, 2025-жылдын январь–сентябрга карата Ош шаарына чет элдик инвестициялардын көлөмү 1,2 млн долларды түзүп, 2024-жылга жылга караганда 44,1%га төмөндөгөнүн, бул абал Ош шаарында инвестициялык климаттын начардыгын, инвестиция тартуу боюнча олуттуу көйгөйлөр бар экенин көрсөтөөрүн айткан. 

“Айрыкча бизнес менен иштешүүдө өтө аяр мамиле керек. Бизнес субъектилерине карата ашыкча текшерүүлөр, негизсиз дооматтар, кирешесине кол салуу, моралдык басым, коркутуу-үркүтүү, мүлктү мыйзамсыз тартып алуу сыяктуу жана башка иштерге жол берилбейт” деген Касымалиев.

Жеңишбек Токторбаев УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын адамы, классташы экендиги айтылып келет.

Ал эми Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду. Ташиевдин бир катар тарапташ министрлери да кызматтан алынды.

Сүрөттө: Жеңишбек Токторбаев. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты