Оштун мэри «мугалимдерге жаңы самсы, окуучуларга бышпаган нан» берилгенине күбө болду

  • 1 месяц мурун

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен бирге андагы “Жетиген” мектебинде балдарга сапатсыз тамак-аш берүү көрүнүшүнө күбө болду.

Рейддин жүрүшүндө шаар мэри мектептин ашканасында окуучулар үчүн даярдалган тамак-аштын сапатсыз даярдалгандыгына байланыштуу нааразычылыгын билдирип, жооптуу тараптарга тиешелүү чараларды көрүү керектигин айтты.

Мындан тышкары шаар мэри аталган билим берүү мекемесинин аймагындагы коммерциялык объекттин курулушунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.

Буга чейин Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев билим берүү мекемелеринин аймагындагы жерлерди коргоо, ошондой эле мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө боюнча иштер күчөтүлөрүн билдирген.

Сүрөт: Ош мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты