Депутат Тазабек Икрамов: «Символикаңар башка экен” деп чет өлкөлөргө киргизбей койсо, жооп бересиңерби?

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 29-ноябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасынын туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлду. Депутат Тазабек Икрамов “Символикаңар башка экен” деп киргизбей койсо, жооп бересиңерби деген суроо салды.

Төрага  Нурланбек Шакиев “мен жооп берем”, башка өлкөлөргө киргизбей койбойт, киргизет деди. Шакиев ошондой эле мамлекеттик тууну өзгөртүүгө бюджеттен бир да тыйын кетпесин билдирди. Каражат жеке демөөрчүлөрдүкү экенин айтты.   

Мыйзам долбоорунун демилгечилери- Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов.

Кыргыз Республикасынын туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы № 708-XII токтому менен бекитилген. Ага ылайык, туунун сүрөттөлүшү, өлчөмү, түсү жана башкалар баяндалып берилген.

Сүрөт: Мамлекеттик туунун сунушталган варианты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты