Бир округдагы өз шайлоо участогунан тышкары добуш берүүгө жол берилбейт. Мыйзам долбоору каралууда
- 3 недели мурун
Бүгүн, 26-майда, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитети Кыргыз президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндү конституциялык мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү карады жана жактырды.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Дастан Бекешев, Мирлан Жеенчороев, Айбек Алтынбеков жана Камила Талиева тарабынан демилгеленген.
Демилгечи депутаттардын бири Камила Талиева белгилегендей, сунушталган конституциялык мыйзам долбоору шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, аны актуалдуу юридикалык терминологияга жана укук колдонуу практикасына шайкеш келтирүү, ошондой эле мурдагы шайлоо өнөктүктөрүнүн жүрүшүндө аныкталган боштуктарды жоюу максатында иштелип чыккан.
Мындан тышкары, «шайлоо дареги» түшүнүгүн күчүн жоготту деп таануу жана аралыктан добуш берүү тартибин тактоо сунушталууда. Ага ылайык, бир округдун чегинде өз шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүгө жол берилбейт.
«Үгүт иштерин тартипке келтирүү максатында үгүтчүлөрдүн укуктук макамы да такталууда. Муну менен катар бир шайлоо участогуна үчтөн ашпаган үгүтчүгө уруксат берүү боюнча чектөө киргизилүүдө» деди Талиева.
Ал эми депутаттар Улан Сариев менен Медербек Алиев мыйзам долбоорундагы бир шайлоо участогуна үчтөн ашпаган үгүтчүгө уруксат берүү боюнча ченемдерди колдой тургандыгын айтышса, депутат Жылдыз Таалайбек кызы үгүтчүлөрдүн санын чектөөгө байланыштуу бир катар маселелерди тактады.
Мындан тышкары, комитет «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун да биринчи окууда карап, колдоду.
Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Гүлнара Акимбаева, Айбек Алтынбеков тарабынан демилгеленген.
Жыйында демилгечилердин бири, депутат Гүлнара Акимбаева мыйзам долбоору менен округдук шайлоо комиссияларынын ишин жөнгө салуучу ченемдер киргизилип жатканын белгиледи.
«Бул өзгөртүүлөр мыйзамдардагы укуктук боштуктарды жоюуга, округдук шайлоо комиссияларынын укуктук макамын бекемдөөгө, алардын шайлоо комиссиялары системасындагы ордун так аныктоого жана шайлоо процесстерин уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт» деди Гүлнара Акимбаева.




