Таттуулардын ичине ийне сыныктарын салып, балдарга тараткан. Шектүү кармалды
- 2 месяца мурун
28-мартта болжол менен саат 20:32 чамасында «102»кызматына Ак-Ордо конушунда белгисиз жаран жаш балдарга конфет таратып жүргөнү, кийин алардын ичинен ийненин сыныктары табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Ак-Ордо конушунун тургуну Б.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анын 2015 жылы туулган кызы жана башка балдар белгисиз жарандан алган конфеттердин ичинен ийне табылганын билдирген.
Аталган фактынын негизинде Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүүнүн тек-жайы аныкталып, ал — Н.Д. болуп, Тергөө кызматына жеткирилген. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Анын жашаган дарегинде жүргүзүлгөн тинтүүдө конфеттер жана башка буюм далилдер алынган.
Учурда тергөө иштери улантылууда.




