Депутат Таштанбеков окуучу кыздардын кыска юбкасы зордук-зомбулукка шыкак берип жатканын белгиледи   

  • 2 года мурун

Депутат Акбөкөн Таштанбеков Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында окуучу кыздардын кыска юбка кийин жүргөнү да зордуктоого шыкак берип жатканын белгиледи.

-Кээ бир окуучу кыздар өтө эле кыска кийип жүрүшөт. Кээ бирде кыздар ошентип провокация кылып жатышат. Жөнөкөй адам аны байкабайт, бирок педофил, жанагыдай адамдар байкап, алдынан чыгып жатышпайбы.  Ошон үчүн ата-энелер, мугалимдер менен, коомдун баары чечишибиз керек го. Мыйзам эмес, жалпы коом ушуну менен күрөшүш керек. Кыска юбкадан баштап, участкалык милиция көз салып, балдарыбыз, кыздарыбыз чоочун машиналарга отурбай тургандай караш керек, -деди Акбөкөн Таштанбеков.  

Кадамжайда 14 жашар кыздын бир канча киши тарабынан зордукталып жана мыкаачылык менен өлтүрүлүшү коомдо зордук-зомбулуктун жетээр чегине жеткенин, буларга өлүм жазасын киргизүү маселесин кайрадан козгоду.  Ал кылмыш боюнча төрт киши шектүү катары кармалды.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты