Акбөкөн Таштанбеков: «Ташиевдин ишине — беш, эмоциясына — эки»

«ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а-Тет» берүүсүнүн кезектеги чыгарылышынын коногу  Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков болду. Ал парламенттин ишмердүүлүгү, бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты тууралуу айтып берди.

-Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси ашыкча эмоцияга алдырып койду. Эми “Колуңду сындырам” десе эле, сындырып салбайт да. Бирок эмоцияны кармаш керек эле. Ошол жерден Мадумаровдун авторитетин бир топ көтөрүп салышты. 

Жаңы кабыл алынган Конституция менен ушул парламенттин деңгээлин түшүрүп койдук. Мурдагы чакырылыштарына салыштырмалуу, парламенттин деңгээли жыл сайын түшүп баратат. 

Биринчиден, ал салыктын мага тиешеси жок. Эгер мен салык төлөбөй жүргөн киши болсом, мени эбак эле камап коюшмак. Ал эми келинчегим 22 миллион эмес, 500 миллиондон ашык салык төлөгөн. Мен ден соолугума байланыштуу 2006-жылы бизнести таштап салгам. Убагында балдарыма да кысым болгонунан, бардыгы чет мамлекетке чыгып кетишкен. Кыргызстанда мен жалгыз элемин. 

Интернет желесине тараган беш жыл мурдагы видеонун негизинде мени камашпадыбы. Негизи, иш ал видеону тараткан блогерге козголушу керек эле. Бирок, ал видеону мен тараткандай эле мага иш козгоп коюшпадыбы. Негизи урушкан эки адамдын бирөө арыз жазмайын, иш козголбойт да. 

Ал окуя мындайча болгон, мен келе жатсам машинада бир кыз отуруптур. Ага “Эй чоң кыз, машинаңды алып койчу” дегем. Көрсө, ал кыз эмес эле, транссексуал жигит экен. Негизи мен транссексуалдарга каршы эмесмин. Аны сөкпөшүм керек эле, кечирим сурайм. Мен аны сөгүп туруп кетип калгам. Аны башка жигит видеого тартып алыптыр. Мен деле кээде эмоцияга берилип кетем. 

Мен деле трайбалист болуп баратат окшойм. Мен Ысык-Ата районунун болом, ал жерге барсам, районубуз аябай жүдөп калыптыр. Айылга мамы орното албаса, кичинекей балдарга тамак бере албаса, анан трайбалист болосуң да. 

Кененирээк ВИДЕОДО: 

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты