Депутат Таштанбеков: “Дыйкандардын баары эле Чүйгө келип алды. Насыя каражатты кеминде эки эсе көбөйткүлө”

  • 1 год мурун

Бүгүн, 13-апрелде, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков айыл чарбасына бөлүнгөн каражаттардын ичинен Чүй облусуна көбүрөөк бөлүнүшү керек деген маселе койду.

Ошондой эле жеңилдетилген насыялардын канчасы Ысык-Ата районуна тийди деген суроо берди.

-“Айыл банк” боюнча, Чүй облусуна 371 млн сом бөлүнгөн, анын ичинде Ысык-Ата районуна  38 млн сом болүнгөн. 38 млн сомдун 15 млн кредит,- деп билдирди “Айыл банк” өкүлү

-Бакыт Эргешович, дыйкандардын баары Чүй облусуна көчүп келген, облустарга бөлүнгөн каражаттардан алып туруп, Чүйгө бергиле. Азыр Жалал-Абаддын жарымы эле Чүйдө жүрөт. Чүй облусуна кеминде эки эсе көбөйткүлө.  Чүй облусуна болгон кыргызстандыктар көчүп келди. Башка облустарда киши калбай калды, кредитти кимге бересиңер? -деди депутат Таштанбеков.

Бүгүн, 13-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында 2023-жылга карата дыйкандарга жеӊилдетилген насыяларды берүү жана республиканын аймагында акыркы жылдарда болуп жаткан жер көчкүнүн алдын алуу боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулду.

Жеңилдетилген насыяларды берүү маселеси боюнча айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков баяндама жасады.

2013-жылдан тартып республиканын агро өнөр жай тармагын жана айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү максатында жеңилдетилген насыялар бериле баштаганын айткан министр ошондон бери 120 554 дыйкан-фермер аталган мүмкүнчүлүктөн пайдаланганын жана жалпы 51 млрд 646 млн сом таратылганын маалымдады.

Ал эми “РСК Банк” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев жасаган баяндамасында быйыл айыл чарбасын каржылоо долбооруна 1 млрд 650 млн сом каралганын белгилеп: “Азыркы күндө 1488 арыз келип түштү” деди.

Ошондой эле “Айыл Банк” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Тилек Алимжанов былтыр 3346 кардарга 2 млрд 278 млн сом берилгенин билдирип, быйылкы жылга 13 миңден ашуу кардар кезекке турганын кошумчалады.

“Тагыраагы, 11 млрд 991 млн сомго өтүнүч каты келип түштү” деди Тилек Алимжанов.           

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты