Депутат Таштанбеков: Кайсы бир «секретутка» 40 миң сом айлык алат, ал эми күжүрмөн офицер 20 миң сом айлык алат
- 2 года мурун
Жогорку Кеңештин бир мандаттуу Ысык-Ата округу боюнча депутаты Акбөкөн Таштанбеков депуттардын Баткен облусуна чек ара маселеси боюнча барып келиши боюнча комментарий берип, аскер кызматкерлеринин айлык акысын көбөйтүү сунушун билдирди.
— Кечирип койгула, бирок Ак үй, Көй үйдөгү кайсы бир “секретутка” 40 миңден ашык айлык акы алат. А биздин күжүрмөн офицерлерибиз 20 миңдин тегерегинде акча алат. Бул туура эмес, -деди депутат Таштанбеков.
Ошондой эле депутат кыргызстандыктар үч кесип ээлерин: погончондорду, ак халатчандарды жана мугалимдерди урматташы керектигин белгиледи. Ошондо өнүгүү болот деди ал АКИ-пресс агенттигинин журналисттерине берген комментарийинде.
Сүрөт: «ПолитКлиника»
Муну бөлүшүү