Кадамжайда киши колдуу болгон өспүрүм кыздын өлүмүнө шектүү үч киши кармалды

  • 2 года мурун

4-сентябрь күнү саат 15:25 чамасында Кадамжай районунун Алга айылынын тургуну Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылынан өткөн Ош-Раззаков автожолу тарабында мал багып жүрүп, сел өтүүчү тоннелдин ичинде кыз кишинин сөөгү жаткандыгын көрүп, “112” кызматына кабар берген.

Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери барганда, колу артын карай жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп, киши колдуу болуп өлтүрүлгөн аял кишинин сөөгү табылган. Ал Кадамжай районунун Халмион айыл аймагында ашанан, 2008-жылы туулган К.А. аттуу кыз экендиги аныкталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жогорудагы факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундары 1997-жылы туулган М.Ш. 1995-жылы туулган Г.Д., жана 1998-жылы туулган А.у.С. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми,кылмыш иши боюнча далилдерди алуу максатында Кадамжай районунун тургуну 1995-жылы туулган Г.Д. аттуу шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, анын “Хундай-Соната” үлгүсүндөгү унаасы далил катары алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты