“Денеге жеңил зыян келтирилген”. Аёосуз токмоктосо да ушундай чечим чыгарышат

Укук коргоо органдары тарабынан үй-бүлөдөгү зомбулукка байланышкан кылмыш иштерине   автоматтык түрдө коюлчу ушул берене  кор болуп келе жаткан аялдардын мамлекеттик коргоого  болгон үмүтүнө суу сээп жатат.

“Денеге жеңил жаракат келтирилген” деген бүтүм кол көтөргөн кишинин дээрлик жазасыз калышына, жазаланган күндө да анысы азыноолак айып пул же он чакты күн коомдук иштерди аткаруусу менен аяктап жатат.

Ал “мөөнөт” аяктагандан кийин үй-бүлөдөгү абал андан бетер татаалдашып, аялдын башына  азап үйүлөт. “Сезим” борборунда баш калкалап жаткан үч баланын энеси,  Сиягүлдүн (жабырлануучунун ысмы өзгөртүлдү) абалы буга далил.

Күйөөсүнүн кордугунан жабыркап, ден соолугунан ажыраган аял “Тез жардам “ менен ооруканага жеткирилип, укук коргоо органдарынын жардамы менен иши сотко жеткен. Бирок анын абалы “жеңил” деп бааланып, кызыл камчыга кырк күндүк коомдук ишти аткаруу жазасы чегерилген.

Аялдын күйөөсүнөн көргөн кордугу тууралуу айткандарына көңүл буруп койгула:

…“Боюмда бар эле. Капыстан эле мен отурган отургучту тээп жиберсе кулап кетип, көчүгүм менен  отуруп калдым. Ошондо киндиги үзүлүп, ичимдеги беш айлык балам чарчап калыптыр.”

…”Жумуштан жыйырма мүнөт кечигип калсам, чачтан сүйрөп, тепкилеп сабады.

“…Балам коркуп ыйласа, кулагын бурады эле, кулагы  тилинип, канап кетти.

…“Кызым эптеп чыгып, “Тез жардам” чакырды. Бел омурткам жылышып, духовканын листи менен чапканда, бир кулагым укпай калды.”

…Доктурда жатканда милиционер келип, сурап кетти. “Денеге жеңил жаракат келтирилген” деп жазасына 40 күн кара жумуш чегеришти.

…»Мени урду деп бирөөгө айта турган болсоңор-өлтүрөм…”

Жабырлануучунун бул көрсөтмөлөрү эмне,  жеңил жаракат, жеңил зыян болуп эсептелеби?  Бул жоруктар айып пул же кара жумуш аткаруу менен кутулуп кетчу жазага туура келбей турганы укуктук жагынан туура аныкталбаса, үй-бүлөдөгү бул зомбулук соңу трагедия менен аяктаары шексиз.

“Сезим” кризистик борбору

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты