Баткенде эки жашар кызын сабаган келин камакка алынды

  • 1 год мурун

Баткенде эки жашар кызын сабаган келин Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, 27-январда келиндин күйөөсү милицияга арыз менен кайрылып, аялы кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгенин билдирген.

Ал ошол эле райондун Марказ айылынын тургуну менен 2020-жылдын март айынан бери жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылы кыздуу болушканын жана жакындан бери пикир келишпестиктен чогуу жашабай калышканын айткан.

Милиция билдиргендей, окуя 5-январда болгон. Келин өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып, жолдошуна WhatsApp менен жиберген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) менен кылмыш иши козголгон.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кадамжай районунда апасы сабаган кыз жана анын эки бир тууганы Совет айылындагы “Кут кадам” үйүнө жайгаштырылганын кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты