Депутат Шайлообек Атазов УКМКга сурак берип чыкты

  • 9 месяцев мурун

Бүгүн, 9-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) сурак берип чыкты.   

Шайлообек Атазов шайлоодогу эки тарапташы он күндън бери камалып жатканынан улам күбө катары суралганын жана Матраимов менен да байланышы тууралуу суроолор болгонун “Азаттыкка” билдирди.

“Суракта сырды айтпаш керек дегенге кол коюп бердим. Бирок негизги тема – үгүтчүлөр тууралуу айтылды. Бизде катталган эмес, бирок мага үндөп жүргөн балдар. Алар 11 күндөн бери белгисиз жатканы мени тынчсыздандырып, эгер эч кандай аргумент, далил болбосо чыгарып койсоңор деген оюмду айттым. Матраимов менен байланышың барбы деп сурады. Мен ал спорттук иш-чараларга, мелдештерге спортсмендерди өстүрүш үчүн жардам берип жүгөнүн айттым”.

Буга чейин Шайлообек Атазов УКМКга Бишкек шаарынын Свердлов районунда шайлоо боюнча тарапташтарынын ишине күбө катары чакырылганын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.  

3-ноябрда депутат шайлоодо ага тарапташ болгон адамдар милициянын убактылуу кармоочу жайларына үч-төрт саатка камалып, кыйноого кабылганын, алардын абалы тууралуу маалымат жок болуп жатканын ырастаган дана “Фейсбуктагы” баракчасына «Мага жеткен маалымат боюнча аларды «шайлоо учурунда Матраимов акча берген деп жазгыла» деп жатышыптыр. Ата-энелери ыйлап келишти. Алардын учурдагы абалы боюнча жеткиликтүү маалымат жок болуп жатат» деп жазган.

Президенттин администрациясы, УКМК буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек

2021-жылы 25-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу Свердлов шайлоо округунан депутаттык мандат Шайлообек Атазовго берилет деп чечим чыгарган.

2021-жылы 27-февралда Бишкек шаарынын №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өттү.

Депутат болуп келгенден кийин Шайлообек Атазов Башкы прокуратура аны үч саат кармаганын жана агаларынан “парламентте сүйлөбөй отурсун” деп коркутуп жатышканын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты