Дастан Бекешев: “Бизге эркин ЖМК керек.  Президент муну териштирет деп ойлойм”

  • 3 месяца мурун

Депутат Дастан Бекешев бүгүн, 17-январда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 24.kg агенттигинин журналисттерине кылмыш ишин козгоо, журналисттерди камоо, жалпы эле ЖМКда болуп жаткан көйгөй, жакында эле 11 журналисттин 48 саатка камалышы боюнча маселе көтөрдү  

Дастан Бекешев кечээ эле журналисттердин үйүн тинтүү жана суракка алуу, аларды 48 саатка камоо жүргөнүн, аны териштирүү керектигин белгиледи.

-Бизде төңкөрүштү, бийлик алмаштырууну башкача жасашат, кечээ камалган, камера, чөнтөк телефон көтөрүп жүргөн жаш балдар төңкөрүш жасабайт, алар бийликке коркунуч келтирбейт. Кайра ички иштер министри тууралуу айтылгандар боюнча фактыларды текшерип көрүш керек болчу, ушул боюнча Алексей Гаврилов мага кайрылган. Эч ким реакция жасаган жок.

11 журналистке кылмыш иши ички иштер министринин өч алуусунан эле козголуп жаткандай. Журналисттер бийликти сөзсүз жакшы көрүш керек эмес. Биз журналисттерди жардамчы катары көрүшүбүз керек.

Мен сөз эркиндиги бизде болот деп эсептейм. Президент Конституциянын гаранты катары бул маселени териштирет деп ишенем., — деди Дастан Бекешев.  

Убактылуу жайга Temirov Live, «Айт Айт Десе», «ПолитКлиника» жана «Арча медиа» басылмаларынан 11 журналист 48 саатка камалган. Алар 1. Махабат Тажибек кызы 2. Сапар Акунбеков 3. Азамат Ишенбеков 4. Сайпидин Султаналиев 5. Актилек Капаров 6. Тыныстан Асыпбеков 7. Максат Тажибек уулу 8. Жоодар Бузумов 9. Жумабек Турдалиев 10. Айке Бейшекеева 11. Акыл Орозбеков

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 16-январда, көз карандысыз бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, суракка алынып барышы боюнча маалымат таратты.

12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык,  “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери  бар деп аныкталган. 

Журналисттер 278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелүүдө. Бул берене боюнча жаза 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

«ПолитКлиника» медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбек уулунун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, аны ИИМдин тергөө башкармалыгына суракка алып кетишкен. Тыныстан Асыпбек уулу жапырт башаламандыкка чакырык боюнча кылмыш ишине шеектелип жатат.

Кармалган 11 журналисттин баарынын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. ИИМ айыпталуучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда документтер, уюлдук телефондор, фотораппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык жабдуулар жана банктык карталар табылгандыгын билдирди. Жалпысынан 162 буюм алынгандыгы маалымдалды.

Кармалгандар аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат.

Сүрөттө: Дастан Бекешев. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты