Медиа коомчулук бийликти диалог жүргүзүүгө чакырды

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 17-январда, Кыргызстандын «Аракеттеги медиа» платформасы 11 журналисттин кармалышы боюнча маалымат жыйын өткөрдү.

Анда платформанын төрайымы, медиа-эксперт Тамара Валиева бийликти диалог жүргүзүүгө чакырды.

“Журналисттердин кармалышы боюнча платформа кечээ кайрылуу жасаганбыз. Биздин үнүбүздүн угулушун каалайбыз. Абал бир тараптуу болбош керек. Кечээ 11 адам кармалды. Бул көпкө соузулушу мүмкүн. Көз карандысыз маалымат каражаты калбай калганга чейин созулушу ыктымал. Бирок мындай болбошу шарт. Муну бийлик түшүнүшү керек. Бардык абалды президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алышын каалайбыз” деди Тамара Валиева.

Ал бийликти журналисттерди ишмердигине байланыштуу кысымга алууну токтотууга, медиа коомчулук менен диалог жүргүзүүгө чакырды.

Убактылуу жайга Temirov Live, «Айт Айт Десе», «ПолитКлиника» жана «Арча медиа» басылмаларынан 11 журналист 48 саатка камалган. Алар 1. Махабат Тажибек кызы 2. Сапар Акунбеков 3. Азамат Ишенбеков 4. Сайпидин Султаналиев 5. Актилек Капаров 6. Тыныстан Асыпбеков 7. Максат Тажибек уулу 8. Жоодар Бузумов 9. Жумабек Турдалиев 10. Айке Бейшекеева 11. Акыл Орозбеков

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бүгүн, 16-январда, көз карандысыз бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, суракка алынып барышы боюнча маалымат таратты.

12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык,  “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери  бар деп аныкталган. 

Журналисттер 278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелүүдө. Бул берене боюнча жаза 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

«ПолитКлиника» медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбек уулунун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, аны ИИМдин тергөө башкармалыгына суракка алып кетишкен. Тыныстан Асыпбек уулу жапырт башаламандыкка чакырык боюнча кылмыш ишине шеектелип жатат.

Кармалган 11 журналисттин баарынын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. ИИМ айыпталуучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда документтер, уюлдук телефондор, фотораппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык жабдуулар жана банктык карталар табылгандыгын билдирди. Жалпысынан 162 буюм алынгандыгы маалымдалды.

Кармалгандар аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат.

Сүрөт: Жыйындан. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты