Депутат Нуржигит Кадырбеков: Кемпир-Абад боюнча маселени 3-4 жылга мораторий кылбайлыбы?

  • 1 год мурун

Бүгүн, 2-ноябрда, Жогору Кеңештин жалпы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Кемпир-Абад боюнча маселени жок дегенде 3-4 жылга мораторий кылбайлыбы деп билдирди.

 -Татаал чечимдер алдыбызда турат. Кемпир-Абад боюнча чечимдер келди. Кечээ мен ошон үчүн добуш берүүгө катышкан жокмун. Бул менин маданияттуу түрдө протест билдиргеним болчу.  

Кемпир-Абад боюнча ак да дебейм, көк да дебейм, туура да дебейм, туура эмес да дебейм, бирок бир сураныч, жок дегенде 3-4 жылга мораторий кылбайлыбы? Анткени бул чечимди кабыл ала турган — бизбиз. Эртең тарыхта кала турган — бизбиз. Барып көзүм менен көрүп келмей сайын, документтер менен толук таанышып келмей сайын, чындык менен канчалык дал келээрин текшермей сайын, чечим кабыл алыш абдан оор экен.

Ошон үчүн ушунча адамдардын жүрөктөрү ооруп жатат, ушуну түшүнүп атабы-түшүнбөй атабы, балким алардын позициясы туура эместир, бирок канча адамдын назарынан калып, ушул чечимди кабыл албай эле коелучу,-деди депутат Кадырбеков.  

Кемпир-Абадды коргоо комитети Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылуу жазды.

«Биз, Кыргызстандын белгилүү жана таанылган коомдук жана саясий ишмерлери, жарандык коомдун кызыкчылыгын коргогон бир топ, Кемпир-Абад/Анжиян суу сактагычына жакын айылдардын тургундары, пландалган кол коюуну кийинкиге калтырууну өтүнөбүз» деп билдирген.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимдин долбоорун жактырды. Депутаттар Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков жана Нуржигит Кадырбеков бул маселенин каралышына каршылык көрсөтүп, добуш берүү учурунда жыйындан чыгып кетишти.

Буга чейин, 10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун колдогон. 6 депутат «макул», 4 эл өкүлү «каршы» деп добуш берди. Келишимдин долбооруна андагы комитет жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков кол койгон эмес.

«Бул маселе боюнча бир нече жолу өз көз карашымды айттым. Кагаздарды, документтерди көрмөйүнчө макулдугумду бере албасымды билдиргем. Мен каршы добуш бердим» деди Айдарбеков 10-октябрдагы комитет жыйынынан кийин. Чыңгыз Айдарбеовдун ордуна комитет төрагалыгына Улан Примов шайланган.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттер эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү. Камалгандар Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, активист Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, .Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбеков, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, .Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана башкалар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрда саясатчылардын, активисттердин жапырт камалышы жана Кемпир-Абад маселеси боюнча жөө жүрүш уюштурулду.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы коюлган.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты