Депутат Кундузбек Сулайманов мандатын тапшырууда

  • 2 месяца мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) депутаттык мандатын тапшырууга арыз жазды.

БШК анын арызын бүгүн карамакчы.

Кундузбек Сулайманов 2021-жылы Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болгон.

Учурда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты. «Мекенчил-Ынтымак» тобунун мүчөсү. Өнөр жай саясаты, тарнспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү.

4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында «Мекенчил» депутаттык топтон депутат Кундузбек Кошалиевич Сулайманов социалдык тармактарда тараган айдоочулук күбөлүк, айдоочулукка окутуу маселелери боюнча депутаттар элдин үнүн жеткирип жатканын, бул популисттик эмес экенин билдирип чыккан.

Кийин кайра окуу мөөнөтү ийгиликтүү аяктагандар үчүн төрт ай болгонуна президентке ыраазычылыгын айтып чыккан.

Социалдык тармактарда Сулаймановдун кимдин-бирөөнү мамлекеттик кызматка орноштуруп, анын ишин көзөмөлдөгөнү боюнча аудио жазма социалдык тармактарга тарап жатат.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты