Депутат Кожокулова Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасы өзгөртүлүш керектигин айтты  

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 28-декабрда, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат Гуля Кожокулова Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында аталган партиянын лидери Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү маселесин көтөрдү.

-Кылмыш-жазык кодексинде, эгер кылмыштын мөөнөтү өтүп кетсе, анда анын бөгөт чарасы камакка алуу менен коштолбой турганы жазылган. Бул ченем аткарылбай жатат. Мындай болбошу керек деп ойлойм. Бул Мадумаров болобу же Кыргызстандын башка жараны болобу, эң башкысы биздин мыйзам ченемдер так, кыйшаюсуз сакталыш керек, -деп билдирди депутат Кожокулова.  

 Бишкек шаардык соту 27-декабрда Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча адвокаттардын апелляциялык арызын карап, аны канааттандырган жок.

Шаардык сот Биринчи май райондук сотунун 8-декабрда чыгарган Мадумаровду 9-февралга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү тараткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

      

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты