Депутат Кокулов Караколдогу МИК курган үйлөрдү суу каптаган себебин айтты

  • 5 дней мурун

Бүгүн, 3-июнда, Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов Караколдо мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) курган үйлөрдү суу каптагандыгы жана анын себеби боюнча маселе көтөрдү.

-Мен ал жерге барып келдим. Ал жерге таштанды толуп калгандыгына байланыштуу деп МИК расмий жооп берген. Бирок ал калп, андай болгон эмес. Ал жерди эмнеге суу каптап кетти? Анын себеби чатырдан суу агып кетүүчү трубаны дүйнө жүзүндөгү эң арзан баадагысын коюп коюшкан. Нормаларга жооп бербегендиги үчүн жамгыр катуу жааганда труба тешилип, жарылып кеткен. Аны дагы туура эмес кошушкан, -деди депутат Кокулов.

-МИКтин жообу дагы жооппу? Менин МИКке кайрыларым, курулуш министрлигине да кайрылгам, ошол да жооппу? Жамгыр катуу жааганынан деп. Анда тегеректеги, Бишкектеги үйлөрдүн баарын эле капташ керек экен да? Ушинтип да калп айтса болобу? Курулуш нормаларына туура келбегендиктен, труба жарылып кетип, суу каптаган. Азыр анын ордуна темир труба коюп коюшуптур. Ошол трубалар нормаларга жооп береби? Ал оорлук кылат да, эми дубалдар жарыла баштайт,- деди депутат.

Ошондой эле жабыркагандар боюнча да мындай пикирин билдирди:

-Жабыркагандарды да көрүп келдим. Дубалы кургай эле эле шпатлевка тартып, эптеп жаптырган атасыңар ошол жерди. Кургагандан кийин ал кайра эле эртең көгөрөт. Трубасы жарылган 8 этаждын фундаменти суу болуп, көгөрүп бузула баштады. Башка үйлөр дагы ошол эле абалда. Бир-экөөнү суу таап, жер төлөсү көгөрүп жатыптыр. Ошол үйдү бирөөлөр кабыл алды, да туурабу? Ошону караш керек да. Ал көзгө эле көрүнүп турат. Аны кантип кабыл алды? -деди депутат Кокулов.

Каракол шаарында 19-майда нөшөрлөгөн жаан жаап, үйлөрдү суу каптаган. Анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компания курган “Хан теңири” турак жай комплексинин үйлөрүнүн ичин суу каптап, үй ээлери жабыркаган. МИК ал үйдө жабыркагандардын чыгымын өз эсебинен калыбына келтирип берээрин билдирди.          

-Нөшөрлөгөн жамгырдан улам, Каракол шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания курган “Хан теңири” турак жай комплексинин көп кабат үйлөрүн суу каптаган. Мамлекеттик ипотекалык компания өзүнүн эсебинен анда жабыркаган батир ээлеринин чыгымдарын толугу менен төлөп берет. Ошондой эле бул окуянын себептерин айта кетели: Негизги себеби болуп, дренаждык системанын тиричилик таштандысына толуп калганы болду. Ошол себептүү суу шар агып кетпей, чатырда суу толуп, андан батирлердин ичине кирген,-деди компания өкүлү.   

19-майда Каракол шаарында нөшөрлөгөн жамгыр жаап, көчөлөрдү, үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук бөлүмү билдирди.

Сүрөт: МИК үйлөрүн суу каптоо. 19-май. Социалдык тармактан

           

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты