Депутат Исхак Масалиев тарыхый объекттерди талкалоого жол берилбестигин айтып чыкты
- 1 год мурун
Бүгүн, 20-мартта, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Исхак Масалиев тарыхый объекттерди инвесторлорго жаңы курулуш курууга берүү маселесине жол берилбеш керектигин дагы көтөрүп чыкты жана бул маселени иликтеп чыгуу үчүн депуаттык комиссия түзүүнү сунуштады.
-“Ала-Тоо” кинотеатрынын жанындагы тарыхый басмакана болчу эле, ал жок, “Ысык-Көл” мейманканасы болчу эле, ал жок, Панфилов дивизиясынын музейи болчу эле, ал музейди талкалап, 3800 тонна арматурага алмаштырылды. Ошондой эле “Ак кула” ат майданы жок болду, батыш жана чыгыш автобекети, ВДНХ… 18-февраль күнү президенттин иш башкармалыгы ведомстволор аралык комиссиянын сунушу менен дагы бир топ объекттерди тизмеден чыгарды. Анын ичинде Турдакун Усубалиев атындагы аянтта жайгашкан эки тарыхый имаратыбыз тизмеден чыгарылды. Бул Абдымомунов 205 жана Абдымомунов 207. Так айтканда Жогорку сот жайгашкан имарат жана эки министрлик жайгашкан имарат. Ушул эки, Кыргызстанды Кыргызстан кылган, Бишкекти Бишкек кылган корголуучу тизмеден чыгарылыптыр. Эмне максат менен? Инвесторлорго беребиз деп. Маданият министрлиги тарыхый объекттерди инвесторлорду берүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоорун даярдап жатат. Рейхстагды инвестор ээлеп алганын элестетсеңер? Вашингтондогу Ак үйдү Москвадагы Кремлди инвестор ээлеп алганын элестетсеңиздер?-деди депутат Исхак Масалиев.
Биз тез арада мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча депутаттык комиссия түзүп, ушул маселени терең иликтеп чыгалы, -деди депутат Исхак Масалиев.
1999-жылы 22-июлда 583 тарыхый объекттерди коргоо мыйзамы кабыл алынган.
26-февралда депутат Исхак Масалиев маданият министри кызматына Мирбек Мамбеталиевди дайындоого макулдук берүү талкуусунда талапкерге айрым имараттарды тарыхый объекттер тизмесинен чыгаруу маселеси тууралуу суроо салды.
-Кыргызстанда жаман тенденция пайда болуп жатат, жакын арада тарыхый имараттарды коргой турган мыйзамдын тизмесинен алып таштап, аларды буздуруп, дагы бирдеме кура турган өнөр пайда болду. Мен сизге так, ачык суроо бергим келип жатат, жооп бериңиз. Жакында, Абдумомунов 205 жана 207 деген имараттар тизмеден чыгарылды деген маалымат чыкты. (Бул эски Жогорку Кеңеш имараты жана Жогорку сот имараты). Президенттик администрация жыйын өткөрүп, комиссия топтоп, ошондой макулдук берген деп айтышат. Сиздин алдыңызда иштеген министр каршы деп айтышты эле, бирок акыркы чечим кандай болгонун билбейм. Ушул эки имарат боюнча сиздин позицияңыз кандай? -деген Масалиев.
Министрликке талапкер Мирбек Мамбеталиев мындайча жооп берген:
-Бул маселе боюнча комиссия иштеп жатыптыр, аларды тарыхый имараттар тизмесинен чыгаруу боюнча так чечим чыга элек экен, -деген Мамбеталиев.
Депутат Масалиев талапкер кезинде Мирбек Мамбеталиев чечимди билип туруп, калп айтканын кошумалады.
Сүрөт: kenesh.kg




