Парламенттин мурдагы имараты, Жогорку сот имараты тарыхый объекттер тизмесинен чыгарылабы? Министрликке талапкер чечим чыга электигин айтты
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 26-февралда, депутат Исхак Масалиев маданият министри кызматына Мирбек Мамбеталиевди дайындоого макулдук берүү талкуусунда талапкерге айрым имараттарды тарыхый объекттер тизмесинен чыгаруу маселеси тууралуу суроо салды.
-Кыргызстанда жаман тенденция пайда болуп жатат, жакын арада тарыхый имараттарды коргой турган мыйзамдын тизмесинен алып таштап, аларды буздуруп, дагы бирдеме кура турган өнөр пайда болду. Мен сизге так, ачык суроо бергим келип жатат, жооп бериңиз. Жакында, Абдумомунов 205 жана 207 деген имараттар тизмеден чыгарылды деген маалымат чыкты. (Бул эски Жогорку Кеңеш имараты жана Жогорку сот имараты). Президенттик администрация жыйын өткөрүп, комиссия топтоп, ошондой макулдук берген деп айтышат. Сиздин алдыңызда иштеген министр каршы деп айтышты эле, бирок акыркы чечим кандай болгонун билбейм. Ушул эки имарат боюнча сиздин позицияңыз кандай?-деп суроо салды.
Министрликке талапкер Мирбек Мамбеталиев мындайча жооп берди:
-Бул маселе боюнча комиссия иштеп жатыптыр, аларды тарыхый имараттар тизмесинен чыгаруу боюнча так чечим чыга элек экен, -деди талапкер Мамбеталиев.
Буга чейин тарыхчы Кыяс Молдокасымов Фейсбук соцтармагына тарыхый имараттарды тарыхый баалуулук тизмесинен чыгарууга негиз жок экенин жазган. Буга атайын түзүлгөн комиссия каршы болгонун, бирок каршы болгондордун пикирин өзгөртүү аракеттери көрүлүп жатканын билдирген. Ошондой эле мурдагы министр Алтынбек Максүтов ал имараттарды тизмеден чыгарууга каршы чыкканын жана ал кызматтан кеткенин, жаңы министр мыйзамды сактайбы же айтканды аткарабы деген пикирин жазган.
Сүрөт: Интернет булактарынан