Депутат Дастан Бекешев: Мен тууну өзгөртүүгө каршы добуш берем

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 29-ноябрда, Жогорку Кеңеште мамлекеттик тууга өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоору талкууга коюлду. Аны депутат Улан Примов алып чыкты.

-Мен желек мамлекеттин өнүп-өсүүсүнө зыянын тийгизет деп ойлобойм. Желекти өзгөртүү бул тарыхты кайра жазууга түрткү болуп саналат. Мамлекеттик тууну өзгөртүүнүн эч кандай кажети жок. Мен желекти өзгөртүүгө каршы добуш берем, -деди депутат Бекешев.

Демилгечилер: Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов.

Кыргыз Республикасынын туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы № 708-XII токтому менен бекитилген. Ага ылайык, туунун сүрөттөлүшү, өлчөмү, түсү жана башкалар баяндалып берилген.

Мыйзам демилгечилеринин айтымында, “Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын туусунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурун көрүүдөгү кабыл алынышында күн карамынын гүлү же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы  диллема пайда болгондуктан, туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат”.  

Коомчулук тууну өзгөртүүгө каршы болууда.

Баш сүрөттө: Учурдагы туу

Депутат Дастан Бекешев: Мен тууну өзгөртүүгө каршы добуш берем
Сунушталган варианты бул.

     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты