Депутат Чойбеков кумаркана тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюуну сунуштады

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңеш экономика жана коммерция министрлиги демилгелеген кумаркана, оюн автоматтарын жана лотерея тууралуу мыйзам долбоорун кароодо.

Мыйзам долбоорунда Кыргызстанда кумарканаларды чет өлкөлүктөр ача алары каралган. Кыргызстандын жарандарына кирүүгө тыюу салынат.

Депутат Бактыбек Чойбеков парламент тыюу салган нерселерди көтөрүп жаткандыгы өкүнүчтүү экенин билдирди.

-Мыйзам долбоорун абдан тез жана шашылыш алып келип жатыпсыздар. Элдик талкууга чыгарып, элдин да үнүн угуп, парламенттик талкууга чыгарып, анан иш алып барсак жакшы болмок. Себеби дегенде, биз бардыгын туура түшүнүп жатабыз. Экономикабыз да оор, башка нерселер да болуп жатат. Биз өнүккөн, жакшы мамлекетте жашайбыз десек, таза, адал иштер менен барсак жакшы болмок, -деди депутат Чойбеков.  

Депутат Дастан Бекешев биздин Президенттин жанында эки жолу ката кетирип, ушундай мыйзам долбоорун түрткүлүп жаткан адам бар экенин айтты.

2011-жылы Садыр Жапаров депутат болуп турганда казино тууралуу мыйзам долбооруна каршы добуш бергендигин белгиледи.    

-Азыр Президент катары ал бюджетке киреше керек экенин түшүнүп турат. Мен анын казинону чет элдиктер үчүн иштейт дегенин колдоп турам. Мыйзам долбоорунан онлайн-казино дегенди алып салуу керек. Онлайн-казино дегенде аны жаш балдар ойноп жатабы же чет өлкөлүктөрбү, ажырата албай каласыңар,  -деди депутат Бекешев.  

Депутат Сеидбек Атамбаев да кумаркана тууралуу мыйзамга каршы экенин белгиледи.

Депутат Марлен Маматалиев кумарканага 100 пайыз кыргыз жарандары кирбейт деген кепилдик болорун сурады.

Мыйзам долбоорун алып чыккан Улан Сарбанов өзүн проктолог врач катары сезип жатканын билдирди.

Депутат Исхак Масалиев кумарканасыз эле жашоого болооорун билдирди.

Депутат Бактыбек Сыдыков бул мыйзам долбоору чийки экенин айтып өттү.

Президент Садыр Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдоорун белгилеген.

-Казиного биздин жарандар кирбесине мамлекет 100 пайыз кепилдик бере алабыз», — деп президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде.

Кумаркана тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты кезиндеги Бакытбек Жетигеновдун маеги бул шилтемеде.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты