Президент: «Казиного биздин жарандар кирбесине мамлекет 100 пайыз кепилдик бере алабыз»

  • 2 года мурун

«Казиного биздин жарандар кирбесине мамлекет 100 пайыз кепилдик бере алабыз», — деп президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип жатып билдирди.

«Ал мыйзам да карала элек азыр. Эгер өтүп калып, мыйзам ишке кирсе, он беш-жыйырма казинону көзөмөлдөй албасак, анда эмне мамлекетпиз? Биздин жарандар бут басып кире алышпайт. Анткени казино ээси лицензияны мамлекеттен бери дегенде эле бир миллион же бир жарым миллион долларга сатып алат. Эгер кыргыз жаранын ойнотуп жатып кармалса, ал казино лицензиясынан ажырайт деген норма бар. Ошол үчүн казино ээсине кыргыз жаранын киргизиши коркунучтуу. Андан сырткары УКМК менен ИИМдин кызматкерлери жөн олтурмак беле? Казиного кирген жарандарыбызды кармаса, жоопко тартат. Казиного көнүп калган бир депутат бар. Кол тийбестигим бар деп ошол эле барбаса (тамаша). Кыскасы, биздин жарандар кирбесине мамлекет 100 пайыз кепилдик бере алабыз. Малайзияда казино бар. Өз жарандары кирбейт. Аларда да мыйзам ушундай. Айрым мусулман өлкөлөрдө да ушундай тажрыйба бар, өз жарандарына да уруксат берилет», — дейт ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты