Күйүүчү майдын баасы кымбаттай турганы айтылды
- 3 недели мурун
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев күйүүчү майдын баасы эдароо көтөрүлбөй, бара-бара, эки жумада бир жолу бир сомго кымбаттай турганын “Биринчи радионун” эфиринде айтты.
Амангелдиев акыркы күндөрү дүйнөлүк биржаларда дизел жана бензиндин баасы үч эсе өскөнүн кошумчалады. Буга чейин бензиндин тоннасы 600 доллардын тегерегинде болсо, азыр 1200гө чейин чыкты.
“Биз күйүүчү жана майлоочу майлардын 99,9% Орусиядан алабыз. Дүйнөдө болсо баа көтөрүлдү. Бааны чектеп койгонго өкмөттүн толук мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бааны чектесек Кыргызстанга күйүүчү майды эч ким алып келбей калат да, таңкыстык пайда болот. Таңкыстык болгон жакшыбы же бааны турукташтырып кармап турган жакшыбы? Бул өтө чоң маселе. Акыркы күндөрү дүйнөлүк биржаларда баа үч эсе өсүп кетти. Буга чейин бензиндин тоннасы 600 доллардын тегерегинде болсо азыр 1200гө чыкты» деди ал.




