«Жунда» ишканасынын күйүүчү менен камсыздоо өндүрүшүн кайра баштоо маселеси талкууланды

  • 4 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «Жунда» мунайды кайра иштетүүчү заводунун («Чайна Петроль Компани» жабык акционердик коому- ЖАК) ишмердүүлүгү боюнча 19-майда кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, жыйында заводдун учурдагы абалы, анын технологиялык модернизациясынын жүрүшү жана өндүрүштүк циклди кайра баштоо графиги талкууланды.

Ишкананын ички рынокту күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыз кылуудагы ролуна өзгөчө көңүл бурулду.

Адылбек Касымалиев дүйнөлүк рыноктордогу туруксуздуктун фонунда «Жунда» МКЗны ишке киргизүү маселеси өтө маанилүү болуп жатканын баса белгиледи. Жолугушуунун алкагында заводду чийки зат менен камсыз кылуу, экологиялык стандарттарды сактоо жана оңдоо иштерин аяктоо маселелери каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев күйүүчү майдын баасы дароо көтөрүлбөй, эки жумада бир жолу бир сомго кымбаттай турганын “Биринчи радионун” эфиринде айтты.

Сүрөт: «Жунда» ишканасы. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты