Депутат Бекешев: Жаңы мыйзам долбоору боюнча “Парламент миллионерлер үчүн элиталык клуб болуп калат”

  • 1 год мурун

Бүгүн, 4-апрелде, парламентте Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү.  

Анда депутат Дастан Бекешев парламент миллионерлер үчүн элиталык клуб болуп каларын билдирди:

-Бул мыйзам долбоорунда биринчиден, күрөөнү 100 миң сомдон 300 миң сомго чейин көтөрүү жана аны кайтарымсыз кылуу сунушталууда. Башкача айтканда, кимге 300 миң сом анчалык маанилүү болбосо, ошолор катышат. Жөнөкөй врач, мугалим, өрт өчүргүч, социалдык кызматкерлер катыша албайт, эгер кедей болсоң, шайлоого катыша албай отурушуң керек. Түз эле айталы, бул шайлоо байлар үчүн болот. Мен күрөөнү 100 миң сом боюнча калтырууну сунуштайм, 2021-жылы көбү эмнеге дайыма шайлоо күрөө акчасын көбөйтө беребиз деп каршы болушкан.   

Экинчиден, шайлоо фонду 10 миллион сомдон 20 миллион сомго чейин көбөйтүлүп жатат, кайра эле биз акчасы барларга мүмкүнчүлүк берип жатабыз, акчалуулар үчүн акча кошуу мүмкүнчүлүгүн ачып. Ооба, инфляция болду, кеңсе ижарасы, реклама акысы өстү, агитаторлордун айлыгы, келгиле, анда эки эсе эмес, бир жарым эсе көбөйтөлү, 15 миллион сом кылалы. Чеги болуш керек.

Үчүнчүдөн, агитаторлор. 500 кишиден 1000ге чейин. 2021-жылы агитаторлор боюнча чектөө киргизгем, себеби “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик” , “Кыргызстан” партиялары агитаторлорду чексиз алышкан, 3 миң сомго, сен үгүт жүргүзбөй эле үй-бүлө мүчөлөрүңдү алып кел шайлоого дешет. Эгер биз 1000 агитатор кылсак, анда эмне болот? Бир талапкер 1000 кишиге 3 миңден сомдон келишим түзөт,  ал миң кишинин дагы үчтөн кишиси-ата-энеси, бир туугандары болот, 3 млн сомго ал 3 миң кишинин добушун сатып алат. Бул добуш сатып алууну легалдаштыруу болуп саналат. Парламент юридикалык жактан да, факты жүзүндө да миллионерлердин элиталык клубу болуп калат. Мындай кылбаш керек. Чет жерде жашагандарга электрондук добуш берүү сунушталат. Анда шайлоону, ким кантип шайлаганын кантип көзөмөлдөйт? Муну көзөмөлдөө оор болот, бул тигил же бул талапкерди шайлоодон четтетүү үчүн манипуляция жасоого жакшы. Мен андай шайлоого ишенбейм, көпчүлүк ишенбейт. Ушул нормаларды алып салыш керек,-деди Дастан Бекешев.     

Мыйзам долбоору депутаттар Н. Тургунбек уулу, Н.Сыдыгалиев, А.Түмөнбаев, К. Сулайманов, М. Маматалиев, У.Примов, Д.Төлөнов, Ж.Салымбеков, Ч.Ажибаев, С. Рустамбек уулу, Ж. Нышанов тарабынан демилгеленген.

Парламенттик угууга катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жарандар жана алардын бирикмелери, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чакырылды.

20-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо тууралуу мыйзам долбоору кызуу талкууга алынды жана биринчи окууда кабыл алынды. 

Сүрөттө: депутат Дастан Бекешев. kenesh.kg

   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты