Бакыт Сыдыков: “Партиялык система ушуну менен “омийин” болот». ЖК депутатын шайлоо мыйзам долбоору тууралуу

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 20-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда кызуу талкууга алынууда. Мыйзам демилгечилеринин бири Улан Примов баяндама жасады. Депутат Бакыт Сыдыков сунушталган мыйзам менен партиялык система жок кылына турганын билдирип, сунуштарын айтты.     

-Артка жол жок окшойт, ушул мыйзамды кабыл алышыбыз керек экен. Менин ушундай түшүнүгүм бар. Бирок ошону дурусураак кабыл алсак. Партиялык системаны ушуну менен “омийин” кылсак болот, өзүбүздү өзүбүз алдабай эле коелу. Азыр Марлен Абдрахманович (Маматалиев-ред.) кантип партиялык системаны алып калышты айтып берди. Партияны эч кандай алып калбайт. Бул жерде партиянын тиешеси да жок. Партия өз талапкерлерин чыгарган бойдон, эч жерде эчтеке кылбайт. Ушу менен партиялык система бүтөт экен. Мен бир нерсе сунуш кылайын деп жатам. Шайлоочулардын санын көбөйтүш үчүн ушул мыйзамга өзгөртүү киргизиш керек. Үч күн добуш берүү күндөрү кылып. Базар күнү кыргыз, өзүңүздөр билесиңдер, базары пайда болот, тою пайда болуп калат, ошону менен кетип калат. Анан, ар бир шайлоочу, кайсы шайлоо участогу болбосун, кирип, шайлай тургандай. Ошондой мүмкүнчүлүктөрдү беришибиз керек. Эмне кылабыз, Борбордук шайлоо комиссиясын кыйнап, өзүбүздү кыйнап, аймак-аймакка бөлүп, 30 округ кылып. Келгиле, бир округ кылалы. Мамлекет боюнча бир округ кылып, бир бюллетенде 300 адам болот. Ушунчалык демократия, бир мандаттуу  кылгыбыз келип жатабы, уткан 90 киши келсин. Аялдарга 20-25 квота берели. Партиялык система жакпай атса. Борбордук шайлоо комиссиясынын башын оорутабыз. Келгиле, бирдиктүү округ кылалы. Бир талапкерге бир добуш.  Мен ушуну 2-окууга киргизем, -деди Бакыт Сыдыков.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты