Депутат Бекешев Бишкектеги ыш көйгөйүн парламентте кароо маселесине кайрылды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 15-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкектеги ыш маселесин кароо боюнча маселеге кайрылды.

-Министрлер кабинетине да Бишкектеги ыш маселесин кароону сунуштаар элем. Бул боюнча эмне иштер жасалып жатат, кантип күрөшөбүз деп. Эмнеге эч жыйынтык чыкпай жатат? Ошондой эле экологияны жакшыртууга өлкөдө, Бишкекте канча каражат бөлүнүп жаткандыгы айтылса жакшы болор эле.  Газификация керек дейбиз, ага кандайдыр каражат каралганбы же жарандар өздөрү жасашы керекпи? Эгер жарандар өздөрү жасаш керек болсо, анда биз эч кандай натыйжага жетишпейбиз. Бул ишке мамлекет каражат бөлүшү керек. Эгер адамдардын ден соолугу жакшы болсун десек, мамлекет бул ишке каражат сарпташы керек. Менин билишимче, 2025-жылдагы бюджетте бул ишке каражат каралган эмес,- деди Дастан Бекешев.

13-январда, саат 14:54кө карата Бишкек дүйнөдөгү абасынын сапаты жагынан начар делген он шаардын үчүнчүсү болду.

Бишкек шаарында AQI⁺ 186 болуп, абанын сапаты зыяндуу деп табылды. Бул рейтингде Гананын Аккра шаары биринчи, Пакистандын Лахор шаары экинчи, ал эми Бишкек үчүнчү катардан орун алды.

2024-жылдын 30-декабрында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу боюнча жыйын өткөргөн.  

Төрөбаев газдаштыруу боюнча пландарды ишке ашыруу үчүн каржы министрлигине, энергетика министрлигине, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жана Бишкек шаардык мэриясына газдаштыруу боюнча атайын план иштеп чыгууну тапшырды. Саламаттык сактоо министрлигине түтүндөн улам пайда болгон ооруларды дарылоо методологиясын иштеп чыгуу тапшырылды. Бишкек шаарынын мэриясына болсо, абаны булгаган ишканаларга текшерүү жүргүзүү сунушталды. Ал эми мамлекеттик курулуш агенттигине жаңы көп кабаттуу турак үйлөрдө газ казандарынын бар экендигин көзөмөлдөө милдети жүктөлдү.

Жыйындын соңунда, белгиленген тапшырмаларды аткаруу боюнча келерки айда кайрадан жыйын өтөрү айтылган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдөгү ар бир 10 адамдын 9у булганыч абадан дем алат. Жыйынтыгында жылына 2 миллиондон ашык адам жүрөк оорусунан, 1 миллиондон ашыгы инсульттан каза таап, жалпы 7 миллион адамдын өлүмүнө себепкер болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты