Бишкек бүгүн дүйнөдөгү абасынын сапаты начар үч шаардын бири болду
- 1 месяц мурун
- Баяндар
Бүгүн, 13-январда, саат 14:54кө карата Бишкек дүйнөдөгү абасынын сапаты жагынан начар делген он шаардын үчүнчүсү болду.
Бишкек шаарында AQI⁺ 186 болуп, абанын сапаты зыяндуу деп табылды. Бул рейтингде Гананын Аккра шаары биринчи, Пакистан Хахор шаары экинчи, алэми Бишкек үчүнчү катардан орун алды.

iqair.com
2024-жылдын 30-декабрында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу боюнча жыйын өткөргөн.
Төрөбаев газдаштыруу боюнча пландарды ишке ашыруу үчүн каржы министрлигине, энергетика министрлигине, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жана Бишкек шаардык мэриясына газдаштыруу боюнча атайын план иштеп чыгууну тапшырды. Саламаттык сактоо министрлигине түтүндөн улам пайда болгон ооруларды дарылоо методологиясын иштеп чыгуу тапшырылды. Бишкек шаарынын мэриясына болсо, абаны булгаган ишканаларга текшерүү жүргүзүү сунушталды. Ал эми амлекеттик курулуш агенттигине жаңы көп кабаттуу турак үйлөрдө газ казандарынын бар экендигин көзөмөлдөө милдети жүктөлдү.
Жыйындын соңунда, белгиленген тапшырмаларды аткаруу боюнча келерки айда кайрадан жыйын өтөрү айтылган.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдөгү ар бир 10 адамдын 9у булганыч абадан дем алат. Жыйынтыгында жылына 2 миллиондон ашык адам жүрөк оорусунан, 1 миллиондон ашыгы инсульттан каза таап, жалпы 7 миллион адамдын өлүмүнө себепкер болот.
Булганыч аба жана түтүн аралашкан ыштан бөлүнүп чыккан азот кычкылы, зыяндуу химиялык заттар адамдын дем алуу органдарын жабыркатып:
— өпкөнүн сезгенүүсү;
— астма;
— бронхит;
— алсыроо жана баш оору;
— жүрөк-кан тамыр оорулары;
— бөйрөк дарты;
— өнөкөт жана рак оорусун козгошу мүмкүн.
Ыш-түтүндүн зыяны жаш куракка карабай бирдей таасир берип, наристелердин өмүрү үчүн өтө кооптуу экенин өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти. «Андыктан өзүбүздүн жана жакындарыбыздын саламаттыгы үчүн ышка каршы бирге аракеттенели!» деди ӨКМ.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»