Өкмөт Бишкектеги абанын сапатын жакшыртуу боюнча чечимдерди кабыл алды

  • 3 месяца мурун

2024-жылдын 30-декабрында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу боюнча жыйын өткөрдү.  

Ага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, ошондой эле банктар менен ишканалардын кызматкерлери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө газдаштыруу, коомдук транспортту экологиялык жактан таза отунга өткөрүү жана башка иш-чаралар боюнча 2024-2025-жылдарга бекитилген план каралды.

Төрөбаев газдаштыруу боюнча пландарды ишке ашыруу үчүн Каржы министрлигине, Энергетика министрлигине, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жана Бишкек шаардык мэриясына газдаштыруу боюнча атайын план иштеп чыгууну тапшырды. Саламаттыкты сактоо министрлигине түтүндөн улам пайда болгон ооруларды дарылоо методологиясын иштеп чыгуу тапшырылды. Бишкек шаарынын мэриясына болсо, абаны булгаган ишканаларга текшерүү жүргүзүү сунушталды. Ал эми Мамлекеттик курулуш агенттигине жаңы көп кабаттуу турак үйлөрдө газ казандарынын бар экендигин көзөмөлдөө милдети жүктөлдү.

Жыйындын соңунда, белгиленген тапшырмаларды аткаруу боюнча келерки айда кайрадан жыйын өтөрү айтылды.

Сүрөт: интернет булактарынан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты