Депутат Атамбаев жаза өтөө мекемесиндеги кыйноо тууралуу маселе көтөрдү

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 15-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сеид Атамбаев жаза өтөө мекемесинде Зарина Төрөкулованын ден соолугунда олуттуу көйгөй жаралганы тууралуу анын кызы кайрылганы жана №2 түзөтүү мекемесиндеги кыйноолор тууралуу маселе көтөрдү.   

-Мага камалган Төрөкулова Заринанын кызынан билдирүү түштү, ал 2023-жылдын сентябрь айынан бери аялдар колониясында жаза өтөп жатат. Анын кызынын айтымында, ал Фейсбук колдонуучунун видеосун бөлүшкөндүгү үчүн кесилген. Анын абалына, ден соолугунда олуттуу көйгөй бар экенине көңүл буруп коюуңузду өтүнөм. Ошондой эле жаза өтөп жаткан Камилова Дилбар Дастановна жана Лысенко Валентина Алексеевнанын  укугунун бузулушу жана №2 түзөтүү мекемесиндеги шарттары тууралуу маселеге карап койсоңуздар, себеби жаза өтөп жаткандар кыйноого жана адамдын беделине шек келтирген адам чыдагыс мамилеге же жазага туш болбошу керек,-деди депутат.

2024-жылы 5-апрелде Бишкек шаардык соту жарандык активист Зарина Төрөкуловага өкүм чыгарып, ага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарган.

2024-жылы 16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Зарина Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошоткон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Зарина Төрөкулова «жапырт башаламандыкка» шек саналып камалганын 2023-жылы 11-сентябрда билдирген. Активист «социалдык тармактарда «чагымчыл» билдирүүлөрдү жасаган» деп айыпталып, кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктар» деген беренеси менен иш козголгон.

Жактоочу Кантемир Турдалиев Төрөкулова Фейсбукка бөлүшкөн маалыматы үчүн айыпталып жатканын, ал эми посттун автору камакта жаткан башка адам экенин айткан. Активист өзүнө коюлган айыптарды «саясий буюртма» деп атап келет.

Төрөкулова социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындаган билдирүүлөрдү жазып турган. Ал буга чейин «Улуу журт» жана «Күч биримдикте» партиялары менен Бишкек шаардык кеңешине шайлоого талапкер болуп катышкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты