Депутат Айжигитов: “Мыйзам чыгаруу бийлиги узурпация болуп калыптыр”
- 6 дней мурун
- Видео
Бүгүн, 13-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Султанбай Айжигитов дагы 10 мүнөт сөз берүүнү суранды. Депутаттар ал сунушту четке дагы четке какты.
-Бул аябай жаман белги. Бизде мыйзам чыгаруу бийлик бутагы толугу менен узурпация болуп калыптыр. Өтө жаман көрүнүш, жакшылыкка алып келбейт. Бул парламент жок экенин айтып жатат. 24ү добуш берди, 24үнөн 19у мага сүйлөсүн деп добуш берип жатат. Бешөө каршы. Шайлоолор да ушундай болуп калып жатат. Парламент жокко эсе. Бул жакшылыкка алып келбейт,-деди депутат Султанбай Айжигитов.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Султанбай Айжигитовго мындай деп жооп берди:
-Сабырдуулук кылсаңыз. Орозо күнүндө жалган айтпаңыз. 24 киши эмес, 50дөн ашык киши отурат. Бирден санасаңыз болот. Сизге сөз бербей койгонум жок, сөз берип жатам. Көпчүлүк менен чечилип жатат. Парламент жок болсо, эмнеге отурасыз? Кечээ “уятыңыздар жок экен, бетиңиздер жок экен” деп айтып жатасыз. Парламентте отургандардын бети да бар, уяты да бар, акылы да бар.
Сиз бүгүн ошоной ахывалда болуп жатасыз. Бүгүн чек ара боюнча, башка боюнча парламенттин тилеги бир эле: чек ара маселеси чечилип, кол коюлуп, элибизде тынчтык болсун, өнүгүн өсөлү деген. Нотариалдык кеңсе деп атасыз, анда эмне добуш берип жатасыз? Нотариалдык кеңседе бир киши иштейт. Сизге сөз бербей эле койсо… Мындай болбойт, -деди Нурланбек Тургунбек уулу.
Султанбай Айжигитов он мүнөт сөз берүүнү дагы сурады.
Депутат Исхак Масалиев Султанбай Айжигитовго фракциядан чыгарылышы боюнча сөз берип коюуну өтүндү.
-Мени түз жерден, баатыр кылып жатасыңар, -деди. Мага 10 мүнөт бергиле. Өзүмдүн укугумду коргой албасам, элдин укугун кантип коргойм?- деди депутат Айжигитов.
-Мен ар бир жумада сөз сурай берем, -деди депутат.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу корккон убак өтүп кеткенин, кайым айтышпай ишке киришели,- деди.
12-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Султанбай Айжигитов чек ара маселесине байланыштуу айткандарынан кийин “Ыйман нуру” фракциясынан чыгарылгандыгы боюнча эркин депутат катары билдирүү жасайм деп суранды. Бирок депутаттар Айжигитовго сөз берген жок.
«Ыйман нуру» фракциясы депутат Султанбай Айжигитовду фракциянын курамынан чыгарды.
5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Ыйман нуру” фракциясынын лидери Динара Ашимова кыргыз-тажик чек арасы боюнча Султанбай Айжигитов фракциянын эмес, жеке пикирин билдиргенин айтты жана анын айткандары боюнча маселе фракция жыйынында караларын айткан.
Сүрөт: kenesh.kg